Түркмөнстанда «Элдик ит багаар» сыйлыгы негизделди
- 3 года мурун
Түркмөнстан парламенти «Эмгек сиңирген ит багаар» менен «Элдик ит багаар» сыйлыгын негиздөө жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.
Депутаттар сыйлык негиздөөнү «улуттук тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча» Президент Гурбангулы Бердымухаммедов көрүп аткан аракеттер менен байланыштырышты. Маалыматка караганда, Президент ит багаарларга ыйгарыла турган эн белгилерди жана «Жылдын эр жүрөк түркмөн алабайы» сынагынын жеңүүчүсүнө бериле турган медалды жеке өзү сындан өткөргөн. Ит сынагы өлкөдө быйыл биринчи жолу өткөрүлөт.
Мамлекеттик ММКлар Бердымухамедовду алабайды сүйүүчү жана аны таптоонун сырларын билген киши катары пропагандалоону улантышууда. Алардын пикиринде, Президенттин «Түркмөн алабайы» китеби калктын жашоосунда өтө маанилүү ролго ээ.
2020-жылдын ноябрында Бердымухамедов Ашхабадда алабайдын алтын жалатылган эстелигин салтанаттуу түрдө ачып берген. Эстеликтин астына Led-монитор орнотулуп, алабай породасындагы иттер катышкан видеороликтер көрсөтүлгөн.
Бул арада муниципалдык бийлик жолбун иттерди жана мышыктарды жапырт түрдө жок кылууну улантууда.