​Жапаров: Аксы сабагы — жаңы коомду түзүүгө үндөйт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

«Аксы окуясы — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына, ошондой эле өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго түрткү болгон тарыхый окуя деп бааласак жаңылышпайбыз.

Адилеттик, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратовд Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиевдин элесине таазим кылабыз.

Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркуловду эскеребиз.

Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!

Алардын бизге калтырган саясий керээзи жана мурасы мамлекеттеги тынчтыкты, ынтымакты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого үндөп турат.

Аксы сабагы — биздин улуттук бийик баалуулук катары жаңы коомду түзүүгө, адилет жана калыс саясат жүргүзүүгө, элдик таламды көздөгөн, элге кызмат кылган башкаруунун демократиялык багытын бекемдөөгө үндөйт. Ошондой эле коомубузду мындан ары да өркүндөтүүгө дем берет, -деп айтылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты