Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды

  • 3 года мурун

Алматыда учак кырсыгынан тирүү калган эки экипаж мүчөсүнө операция жасалды. Дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин билдиришти. Бул тууралуу казак басылмалары коомдук саламаттык башкармалыгына шилтеме жасоо менен кабарлашты.

«Жабырлануучуларга операция жасалды. Аларды аман алып калуу үчүн колдон келген аракеттер көрүлдү. Алар жан сактоо бөлүмүндө. Азыркы абалдары туруктуу оор деп бааланууда», – деген башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү.

13-мартта Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарына жакын жерде ичинде алты киши болгон аскердик учак кулады.

Бул унаа учагы Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына таандык болгон.

Учак кырсыгында көз жумгандар майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган), улук лейтенант Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган), Мухтар Сагынбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1995-жылы туулган) жана сержант Евгений Васильков (1986-жылы туулган) экендиги маалымдалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 13-мартта аскердик учак кыйраганда курман болгондордн жакындарына көңүл айтышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты