​Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү: Баткен аркылуу Сох анклавына коридор берилет деген маалымат туура эмес

  • 3 года мурун

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген маалымат туура эмес экенин, аба каттамы гана ачыларын билдирди.

2021-жылдын 11-12-мартында Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен, кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген сөздөр туура эмес.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү ушундай маалымат таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Кайтпас» көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, боюнча макулдашылган.

Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартип менен документтери текшерилип, катталуу менен өтөт.

Өзбекстан жарандары Кыргызстанга “Кайтпас” өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин, Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, «Өтүкчү» көзөмөл өткөрүү жайынан,кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет.

Белгилей кетсек 2020-жылдын март айынан бери, Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана Кадамжай автожол көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу гана өтүп турушкан. “Кайтпас” өткөрүү жайын ачуу менен Кадамжай автожол өткөрүү жайында жарандардын кыймылы жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо автоунаа тыгындары азаят.

Ал эми Сох анклавында аба каттамын ачуу боюнча маселеде Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат. Мындан улам жарандарды негизсиз тынчсызданып, туура эмес коомдук пикирлерди жаратпоого чакырабыз, -деп айтылат облустук өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Алдыда КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элдин суранычы боюнча пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашары айтылды.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек 13-мартта Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча орусча маалымат берип, кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген.

Социалдык тармактарда бл чечим катуу сынга кабылгандан кийин, маалымат оңдолуп берилген, Кыргызстан аба каттамын гана ачууга даяр, өзбек тарап Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбай турганы айтылган.

“Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр.Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди” деп маалымат оңдолуп таратылды, -деп айтылган басма сөз катчынын маалыматында.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Анда Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак өзүнө караштуу экенин билдирген.

Сүрөт: Өкмөттүн Баткендеги өеүлчүлүгү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты