​Жогорку Кеңеш референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Конституция долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты. Катышкан 100 депутаттын 94ү макул, алты депутат каршы болду.

Кечээ аталган мыйзам долбоору 2-3 окууда каралып, жыйын талаш-тартыштар менен коштолгон.

Мыйзам долбоору регламентти, процедураларды бузуу менен кабыл алынып жатканы белгиленди. Кечээки жыйында Депутаттар Дастан Бекешев Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Евгения Строкова референдум боюнча мыйзам долбоору 2-3 -окууда мыйзам бузуу менен алынып жатканын айтышты.

Ал эми аталган мыйзам долбоорунун биринчи окуусунда 9 депутат каршы добуш берген. Алар — Жанар Акаев. Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Евгения Строкова, Чынара Урумкалиева.

Конституция долбоору боюнча референдум дайындоо мыйзам долбоору 11-апрелге жергиликтүү кеңештерге шайлоолор күнү менен бирге өткөрүлгөнү жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты