COVID-19: Катталгандар азаюуда, бирок 82 бейтап оор абалда, экөө каза тапты
- 4 года мурун
9-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 23 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек – 16;
Ош – 0;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 0.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Коронавирустан өткөн суткада 31 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 606 киши болду.
. Стационарда 330 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
1 бейтап (0,3%) — канааттандыраарлык абалда;
233 (70,6%) — орто оор абалда;
82 (24,8%) — оор абалда;
14 (4,2%) — өтө оор абалда.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 86 606 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 2 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1475ке жетти. (Расмий такталгандан кийин).
Сүрөт: Интернет булактарынан.