​Казакстандыктар саламаттык сактоо министрлигинин кишилерди түскө бөлгөн тиркемесине каршы чыгууда

  • 3 года мурун

Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен ооруган бейтаптарды аныктоого багытталган мобилдик тиркемени сыноону баштады. Система кишилерди ден соолугуна жараша түскө бөлөт.

Жаңы технологияны пилоттук режимде айрым бизнес түрлөрүнүн ээлери колдонууда, бирок калк буга каршы.

Система өтө оңой иштейт. Алгач тиркемени жүктөп алып, мобилдик телефондун номери аркылуу каттоодон өтүү керек. Бул технология менен иштеген мекемелердин кире беришинде QR-коддор менен баракчалар илинип турат. Тиркеме аркылуу QR-кодду сканерлеген учурда кишинин макамы ар түрдүү өң менен белгиленет.

Көк жана жашыл түс – киши кандай жай болбосун ичкери кире алат дегенди билдирет, эгерде сары же кызыл чыгып калса кирүүгө тыюу салынат. Келечекте долбоор толугу менен бекитилсе, бизнес ээлери ар бир кардарды текшерет. Болбосо алар айып пулга тартылат.

Система пилоттук режимде үч шаарда – Нур-Султан, Караганды жана Алматы шаарларында колдонулууда. QR-коддорду фитнес-борборлордо, сауналарда, компьютердик клубдарда кездештирүүгө болот.

Казакстандын жашоочулары тиркемени бөгөттөп, ага App Store менен Google Play аркылуу төмөн бааларды коюп жатышат. Алар бул система кишинин эркин жүрүү укугун чектейт деп эсептешет.

Мындан тышкары көптөгөн жарандар кишилерди түстөргө бөлүү медициналык диагноздун купуялуулугун бузарын айтышууда. Айрым адамдар алардын жеке маалыматтары алдамчылардын колуна түшүп калышы ыктымал деп кооптонушууда.

Тиркемени иштеп чыккандар система толугу менен коопсуз экенине, казакстандыктардын жеке маалыматтары үчүнчү жактарга өтүп кетпей турганына ынандыруу аракетинде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты