​COVID-19: 55 киши чалдыкты. Бирөө каза тапты

  • 3 года мурун

6-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 55 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 21;
Ош – 2;
Чүй облусу – 14;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 1.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 60 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 484 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 86 506 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 1471ге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты