​Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

Мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 5-мартта билдирди.

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта караганы айтылды.

Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, келтирилген зыянды мамлекет бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Жалил Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллион сомдон ашык которгонун, дагы 50 миллион сомду айдын аягына чейин төлөй турганын УКМК маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты