Ак калпак — кылым карыткан!
- 4 года мурун
Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен 5-март ак калпак күнү деп расмий кабыл алынган.
- Расмий эмес түрдө ак калпак күнү 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жатканы белгилүү.
- Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары белгилөө максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.
- 2018-жылы ак калпак күнү Бишкекте бир тонна бешбармак жасалган.
- 2018-жылы маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштаган.
- Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.
- Кечээ, 4-мартта, Бишкекте ак калпак күнүн утурлай иш-чара өттү.
Сүрөт: Маданият министригинин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү