Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору: Ким кандай добуш берди? (Тизме)

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору кечээ, 3-мартта, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

Конституция долбоору жана референду дайындоо боюнча мыйзам долбоору бир катар депутаттар тарабынан катуу сынга алынды.

Каттоодон өткөн 96 депутаттын 87си макул болуп, 9 депутат каршы чыкты.

Эмесе, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүүдө каршы болгон 9 депутаттын атын атай кетели.




ЖАНАР АКАЕВ: — Биз дагы Президентке жардам бергибиз келет. Президенттин душмандары ар жекшемби сайын коррупцияга каршы чыккан жаштар эмес. Кошоматты коюп, мыйзамдуулукту так сактайлы, — деди.






ДАСТАН БЕКЕШЕВ: -Конституция долбоорунун мурдагы вариантындагы 80 автордун атын Конституция долбоорунун кийинки жаңы вариантына автоматтык түрдө алып барып жатканын белгиледи.









МИРЛАН ЖЭЭНЧОРОЕВ:-17-ноябрдагы долбоордо Конституцияга өзгөртүү киргизилди, ал эми азыркы Конституция долбоору жаңы долбоор болсо, канча пайызы өзгөртүлдү, коомдук талкууга качан коюлду деген суроо жаралды. Бул суроону Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев койду. Кайсы датада, кайсы сайтта жаңы вариант коюлганы тууралуу суроо узатты.






КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: — Конституциялык палатанын корутундусу жок. Тилекке каршы, 4 эле депутат демилгечи. Бир гана Президентке бардык ыйгарым укуктарды ыйгарууга болбойт. Убактысы жоктугунан ар бир жарлыкка Президент чуркап бара жатып кол коюуга туура келээрин белгиледи.






ИРИНА КАРАМУШКИНА: — Конституциялык палатанын корутундусу керек. Референдум тууралуу мыйзам долбоорун кайтарыш керек. Биз ката кетирүүгө укугубуз жок, -деди.








НАТАЛЬЯ НИКИТЕНКО:- Эгемендиктин 30 жылдыгына эмне менен барабыз, артыкчылыгыбыз бир гана сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги экендигин белгиледи. Жогорку Кеңеш бул Конституция долбоору хандык долбоорго, азыр бир адамга бийлик ыйгаруу укугун берип жатканын, бул эмнеге алып келээрин айтты. Конституциянын жаңы долбоору жаңы толкундоолорго алып келет.





РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ:

—Башмыйзамды бузуу жолу менен кабыл албайт. Мен башчыга эмес, Баш мыйзамга нааразымын. Автору жок. Жаңы авторлор жаңы жазыш керек. Мурдагыларды тиркеме кылып берип жатасыңар деди.








ЕВГЕНИЯ СТРОКОВА: -Кыргызстандыктар президенттик бийликти тандап алышты. Бирок муну монархия менен чаташтырбаш керек.







ЧЫНАРА УРУМКАЛИЕВА референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан өзүнүн аты-жөнүн алып салууну суранды.

ДЕПУТАТТАРДЫН ДОБУШ БЕРИШИ

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Добуш берүү жыйынтыгы: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты