Мырзакат Тыналиев «Кыргыз Туусунун» баш редактору болуп дайындалды
- 4 года мурун
Мырзакат Тыналиев «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды.
Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 3-мартта кол койду.
Мырзакат Тыналиев буга чейин башкы редактордун биринчи орун басары болуп иштеген. Эрнис Балбаков кызматтан бошотулгандан кийин бул кызмат орду бош болчу.
Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.
Муну бөлүшүү