​Жогорку Кеңеш Конституция долбоорун 1-окууда карайт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда караганы жатат.

Бул тууралуу парламенттин 3-марттагы күн тартибинде жазылган.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулаганжана жактырган.

Конституция долбоору 11- апрелде референдумга коюлары айтылып жатат.

Бир катар саясатчылар, юристтер жана коомчулук өкүлдөрү долбоорду мыйзам бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты