​Михаил Горбачев 90 жашка чыкты

  • 3 года мурун

СССРдин экс-президенти, саясий ишмер Михаил Сергеевич Горбачев бүгүн, 2-мартта, 90 жашка чыкты.

Михаил Горбачев 90 жылдыгын Zoom платформасы аркылуу достору, жакын адамдары менен онлайн видеоконференция аркылуу белгилей турганын РИА-Новости агенттиги жазды.

СССРдин Президенти катары Горбачев акыркы сапарын Кыргызстанга жасаган. Президент кезинде Чыңгыз Айтматовду кеңешчи кылып дайындаган.

Михаил Сергеевич Горбачев КПСС БКнын баш катчысы (1985-1991), СССРдин биринчи жана жалгыз Президенти (1990-1991) болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты