​Жапаров Казакстанга иш сапар менен кетти. Кимдер коштоп барды?

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстанга кетти.

Нур-Султан шаарында Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле, Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

— Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаев;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты