Жапаров Москвада мекендештер менен жолугушту
- 4 года мурун
Президент Садыр Жапаров 24-февралда Москва шаарында мекендештер жана Россия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларына Россия Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо ж.б. тууралуу айтып берди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде болду.
Сүрөт: president.лп
Муну бөлүшүү