Фейсбуктагы комментарий үчүн – 5 жыл камак

Фейсбук социалдык тармагындагы кастыкты козутуу беренеси менен комментарий үчүн Камран Шенварини беш жыл камоо жазасы 18-февралда экинчи инстанциядагы сотто да күчүндө калтырылган.

Кечээ, 18-февралда, Бишкек шаардык соту Фейсбуктагы комментарий үчүн Камран Шенвариге Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган. Мунапыс мөөнөтүн үчтөн бирге калтыруу чечимин алып салган.

Медиа полиси институту белгилегендей, ошону менен .Фейсбуктагы комментарий үчүн Камран Шенварини беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылган.

Айып тарап айыпталуучунун фамилиясы Шенвари экенин, ал эми айып өкүмүндө “Шинвари” деп жазылганы тууралуу айткан эмес.

Акыркы сөзүндө Камран Шенвари “Колумду Куран китепке коюп, айтып берем, мен ал комментарийди жазган эмесмин” деп билдирген.

Камран Шенваринин жубайы Линара Мазунова Фейсбуктагы фейк профилдеги комментарий үчүн күйөөсү айыпталып жатканын “Кактус медиа” басылмасына билдирген. Ал постто күйөөсүнүн сүрөтү коюлуп, Шинвари аттуу кишиге таандык болгон, ал эми күйөөсүнүн фамилиясы — Шенвари. Бирок буга карабастан, айып өкүмү кылмыш кодексинин 313-беренеси, расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча Камран Шенвари аттуу жаранга чыгарылган.

Медиа эксперт Акмат Алагушев бул окуянын мындайча комментарийледи:

-Биринчиден, айыпталып жаткан Камран Шенвариге коюлган айыптын жалгыз далили- Фейсбуктагы анын сүрөтү жайгашкан профилден 2017-жылы улуттар аралык козутуу комментарийи жарыяланганы. Тергөөдө ошол профилдин Камран Шенвариге таандык экени тууралуу мындан башка далил жок.

Камран Шенвари өзү бул айыпты четке кагат.

Экинчиден, 2015-жылы Шенвари планшетин уурдатып жиберген, ошону менен ал Фейсбук баракчасына кире албай калган. Бул тууралуу анын жубайы укук коргоо органдарына билдирген.

Үчүнчүдөн, Камран Шерванинин жактоочуларынын талабы боюнча Казакстанда автордук боюнча экспертиза өткөрүлгөн. Экспертиза ал комментарийди орус тилин жакшы билген киши жазган деген корутундуга келген. Ал эми Камран Шенвари орус тилин жакшы билбейт.

Чогултулган далилдин жетишсиздигине карабай, ошондой эле Конституцияда күнөөсүн аныктоо учурундагы күмөн саноо айыпталып жаткан кишинин пайдасына чечилерине карабастан, биринчи инстанциядагы сот айып өкүмүн чыгарган, экинчи инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырып койгонун медиаэксперт билдирди.

Юристтер бул иш боюнча Жогорку сотко кайрылышмакчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты