​Журналист Али Токтакунов иликтөө фондун түздү

  • 3 года мурун

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов “Али Токтакуновдун МедиаХабы” фондун негиздеди.

18-февралда Бишкекте медиа долбоордун ачылышы өткөрүлдү.

Фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кино тармагына, кыргыз тасмаларын жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Фонддун ачылышына жарандык активисттер, коомдук, кино ишмерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Фонддун ачылыш аземинин иш-чарасында Али Токтакунов менен журналист Болот Темиров биргелешип иликтеген “Темир жол” ишканасындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген видео материал көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты