Бишкек шаар кеңешине шайлоодо ат салышууга үч партия лидерлери бирикти
- 4 года мурун
- Баяндар
Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышуу үчүн үч партия бирикти. Алар – “Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Асман—Ала Тоо” партиялары.
Биригип жаткан үч саясий уюмдун лидерлери Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров 10- январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Клара Сооронкулова биригүүнүн максаты кандай гана маселе болбосун, чогуу чечүү, адилетсиздикке каршы, паракорлор менен күрөшүүдө чогуу аракеттенүү, шаардык кеңеш шайлоосуна чогуу аттануу экенин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да жыйында сүйлөп, бул биригүүнү колдой турганын,үч партия лидерлерине ишеним бар экенин баса белгиледи.
Үч партия лидерлери меморандумга бүгүн, 18-февралда, Бишкекте кол койду.
11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңеш жана 27и шаардык кеңештерге шайлоолор.
Бишкек шаардык кеңеши 45 мандаттан турат.
Сүрөттөр: Гүлиза Үрүстөмбек кызы /»ПолитКлиника»