Бишкек шаар кеңешине шайлоодо ат салышууга үч партия лидерлери биригүүдө
- 3 years мурун
Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышуу үчүн үч партия биригүүдө. Алар – “Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Асман-Ала Тоо” партиялары.
Биригип жаткан үч саясий уюмдун лидерлери Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров 10- январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Үч партия лидерлери меморандумга бүгүн, 18-февралда, Бишкекте кол коюшат.
11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңеш жана 27и шаардык кеңештерге шайлоолор.
Бишкек шаардык кеңеши 45 мандаттан турат.
Муну бөлүшүү