Акыйкатчы Сегизбаевдин тарапташын үй камагына чыгарууну суранат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16-февралда, акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын абак жайында кылмышка шектүү деп аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Жылдыз Чодобаева менен жолугушту.

Чодобаева кармоо шарттарына нааразы болгон жок, бирок баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам сурады. Төрт баланын энеси, алардын эң кичүүсү эки гана жашта экендигин айтты.

Акыйкатчы Бишкек шаардык сотунун төрагасына, Чодобаеванын (жактоочусунун) апелляциялык арызын кароодо анын баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө же үй камагына чыгарууга өзгөртүү маселесин карап көрүүнү сунуштайт.

Ошондой эле Токон Мамытов аскер прокуроруна кайрылып, Чодобаеваны үй камагына чыгаруу жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясына кайрылууну сунуштайт.

Акыйкатчыга Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары кайрылуу жолдошкон.

Жылдыз Чодобаева 2021-жылдын 8-апрелине чейин УККМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алгандыгына, кылмыш кодексинин 319-беренеси («коррупция») боюнча шектелип кармалган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты