​Өзбекстанда жапырт башаламандык үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда

  • 3 года мурун

Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын эки фракциясы жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Документке ылайык, бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбегендер, жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыргандар айып пулга жыгылып, эки жылга чейин түзөтүү жумушуна тартылып, 3төн 5 жылга чейин шарттуу түрдө кесилет же 3-6 жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары мыйзамдуу документтердин талаптарын бузуп, медиа аркылуу аны аткаруудан баш тартууга чакыргандарга 60-80 эсептик көрсөткүчтө айып пул салынышы мүмкүн.

Веб-сайттардын ээлерине, анын ичинде блогерлерге уруксатсыз митинг, жүрүш, демонстрация өткөрүүгө чакырууга, коомдук тартипке жана коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты