​Шаардык кеңешке депутат көрсөтүү 1-мартта, айылдык кеңештерге — 11-мартта аяктайт

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке жана айылдык кеңешке депутаттарды көрсөтүү мөөнөтүн белгиледи. Шаардык кеңешке депутат көрсөтүү 1-мартта, айылдык кеңештерге депутат көрсөтүү 11-мартта аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 1-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 12-мартка чейин аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 11-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 22-мартка чейин аяктайт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты