​Пара талап кылууга шектелген «Кыргызалтын» жетекчиси Үкүбаев эки айга камалды

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара талап кылууга шектелген “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаевдин бөгөт чарасын карап, 12-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин атайын кызмат Үкүбаев алтын казуучу компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн “кызматтан кетирем” деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылган деп кармаган болчу. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында ал 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

33 жаштагы Үкүбаев бул кызматка туура үч ай мурда дайындалган. Анын тарапкерлери же жактоочусу азырынча атайын кызматтын билдирүүсү боюнча комментарий берише элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты