​Кыргыз эл артисти, залкар талант Жамал Сейдакматова дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

16-февралда Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маданият министрлиги талант ээсинин таржымалын мындайча баяндады:

-Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы полиграфиялык институтка тапшырат. Табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкованын көрөгөчтүгү менен 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Келечектүү актрисанын таланты 1958-жылы тартылган «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн жаратты.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин» Төрт адам да» Нази, «Кыз күйөөдө» Гүлсүн, Б. Жакиевдин «Күттүргөн жазда келээр» Зейнеп, М. Карим «Ай тутулган түндө» Шафак, Гоголдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты