​ИИМде — жетекчилердин ротациясы

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинде жетекчилердин ротациясы болду.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Мурат Боронов дайындалды.

Баткен облусунун ИИБ мурдагы жетекчиси Акылбек Мамасейитов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын башчылыгына;

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Ысык-Көл облусунун ИИБ башчысы Улан Асанбаев кызматынан бошотулду.

Талас облусунун ИИБ башчысы Алмазбек Жумабеков Нарын облусунун ИИБ башчылыгына;

Талас облустук ИИБ башчысынын милдетин аткаруучу болуп Марлис Асанов;.

ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакыт Матмусаев Бишкек шаарынын ИИБ башчылыгына;.

ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ башчысы Уланбек Султанов; .

Ала-Бука ИИБ башчысы Замирбек Ормонов Токтогул райондук ИИБ башчылыгына

Жеңишбек Абитов Ош облусунун ИИБ башчылыгына; .

Конокбай Өскөнбаев ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчылыгына;

Нурланбек Бурканов Баткен шаарынын ИИБ башчылыгына;

Айылчы Мырзамамытов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты