«ПолитКлиника» медиасы атайын сыйлык алды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 12-февралда, 2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөлөрү аныкталып, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин атындагы сыйлык тапшырылды.

«ПолитКлиника» медиасынын редакциясы даярдаган «Коронавирустан акча жасап: жөнөкөй беткап 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган» журналисттик иликтөөсү атайын сыйлыкка ээ болду.

«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагына катышкан «Политклиника» басылмасы бул конкурстун жана «Азаттык» радиосунун атайын сыйлыгына ээ болду.

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» негиздеген бул сыйлык үч жылдан бери тапшырылып келет.
Бул жолку сынакка жалпы 40 эмгек келип түшкөн.

Уланбек Эгизбаев 12-февралда 31 жашка чыкмак. «Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сыйлыкка ээ болгон материал тууралуу бул шилтемеден тааныша аласыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты