​Газ түтүкчөсү жарылып, бир бала каза таап,дагы бирөө жабыркады

  • 3 года мурун

11-февралда саат 15:00 дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган. Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.Ж, аттуу эркек бала каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган.

Саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Штаб жана газ кызматынан 1 бригадасы тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды өздүк унаасы менен ооруканага алып кеткен. Абалы канааттандырарлык.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты