Кинорежиссер Баян Сарыгулов каза тапты

  • 3 года мурун

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын мурдагы баш редактору Баян Сарыгулов каза тапты.

Бул тууралуу аталган киностудия жамааты кабарлады.

Баян Сарыгулов Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун журналистика факультетин жана Москвадагы сценаристтер жана режиссерлор академиясын аяктаган. ТАСС агенттигинде кабарчы, КР киноматографисстер союзунун төрагасы болуп иштеген.

20 дан ашуун көркөм, документалдык жана анимациялык фильмдердин директору жана продюсери, эки ирет киностудиянын башкы редактору болгон.

Анын акыркы эмгеги “Досумдун храмы” — “Храм друга моего” деп аталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты