Ош базарындагы башаламан сооданы тазалоо (Видео)

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук акимчилиги Ош базарындагы башаламан соода жайларын тазалап жатат. 10 күндө 145 башаламан соода точкасы тазаланды.

Ош базарында башаламан соода орундарын тазалоо иштери кандай жүрүп жаткандыгынан тартылган видео социалдык тармактарда тарады.

Ош базарынын айланасындагы башаламан соода менен күрөшүү, соодагерлерге базардын ичинен орун табуу боюнча иштер жүрүп жатканын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдирди.

-Биздин кызматкерлердин Ош базарын башаламн соода жайларын тазалоо боюнча активдүү иштерибиз башаламн соода кылгандар тарабынан ккатуу каршылыкка дуушар болууда. Ош базарындагы башаламан ордун бербей жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Мен адилелеттикке чакырар элем. Ал аялга бир канча жолу эскертилген, ал макул болгон эмес. Бул видеону биздин кызматкерлер тараткан эмес. Биздин кызматкерер орунду тазалоо иштери менен алектенишет.

Биздин кызматкерлер да соода жасагандар, шаардыктар тарабынан ар кандай кысымга алынат. Бул иштер мыйзамдуу жүрүш керек. Биз башаламан соода жайларын тазалоо иштерин улантабыз. Башаламн соода кылгандарга базардын ичинен орун табуу иштери жүрүп жатат -деди аким Чынасыл Чыныбаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты