​Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды

  • 3 года мурун

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу 9-февралда «Азаттык» радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:

«Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандарды да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда».

9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты