​COVID-19: Бишкекте жана Чүй облусунда чалдыккандар көп

  • 3 года мурун

9-февралга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 58 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 23;
Ош – 1;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 111 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 81 825 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 85 171 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 киши каза болгон учур катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1433 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты