Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт
- 3 жыл мурун
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүн жекшембиге, 2021-жылдын 11-апрелине дайындоо тууралуу Президенттин жарлыгы чыкты.
Президенттин 2020-жылдын 10-февралындагы № 32-жарлыгы, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыгы;
жана 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө жарлыгы күчүн жоготту деп эсептелди.
Муну бөлүшүү