​Базар-Коргон шаары түзүлөт

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты