Жаан-чачын, айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт

  • 3 года мурун

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралда өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, 8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы күтүлөт.

7-9-февралда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты