​Депутат Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин камалды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди, 4-апрелге чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Кубанычбек Жумалиевге жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө Жумалиев менен билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Мындан тышкары, маалыматта Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталганы айтылат.

Атайын кызмат 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери табылганын кошумчалады. Мурда Жумалиев менчиктештирип кийин анын туугандарына жана байланышы бар адамдарга өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталды

Буга чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат Кубанычбек Жумалиевге жана башка адамдарга карата чет өлкөлүк инвестордун арызы боюнча ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы маалымдалган.

Депутат буга чейин коюлган дооматты четке кагып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты