​COVID-19: 70 кишиден аныкталды. Үчөө каза тапты

  • 3 года мурун

4-февралга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 70 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 22;
Ош – 1;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 102 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 81 334 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 84 832 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 3 учур катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1418 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты