TikTok Италиядагы балдардын аккаунттарын жабат

  • 3 года мурун

TikTok социалдык түйүнү Италия бийлигинин талабы менен курагы 13 жаштан төмөн деп көрсөтүлгөн өлкөдөгү бардык колдонуучулардын аккаунттарын жабат. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

9-февралда күчүнө кире турган бул чечим социалдык түйүндөгү кооптуу оюндардын бирине катышууга аракет кылган 10 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин кабыл алынды.

Маалыматтарга караганда, кыз эс-учун жоготуп, колуна телефон кармап ваннада жатканда табылган. Ал Палермо шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилгенден кийин каза болгон.

«Кеп өмүргө коркунуч келтирген «челлендж» жөнүндө болууда. Анын эрежелерине ылайык, өспүрүмдөр организмге келип жаткан кычкылтекти жарым-жартылай бууп коюшат экен», — деди маркум кыздын бир тууганы.

Кыздын атасы алар мындай оюндар жөнүндө билишпегенин, балдар соцтүйүнгө жарыяланган түрдүү видеолорду гана көрөт деп ойлошконун билдирди.

Учурда полиция бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. TikTok түйүнүнүн администрациясы укук коргоо органдарына көмөктөшө турганын билдирип, 13 жашка чыга элек балдардын аккаунт ачуусуна мүмкүн болбогудай механизм иштеп чыгууну убадалады.

Бүгүнкү күндө социалдык түйүнгө катталууда бул талапты оңон эле кыйгап өтүүгө болот: ал үчүн колдонуучуга өз жаш курагын улуу кылып жазып коюу гана жетиштүү. Азырынча верификациянын жаңы системасы кандай иштей турганы так белгисиз.

Италиянын мыйзамдарына ылайык, 14 жашка чыга элек балдарды социалдык түйүндөргө каттоо үчүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн уруксаты талап кылынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты