Айтылуу “Токмоктук граф” Алижан Ибрагимовдун сөөгү Токмок шаарында жерге берилет

  • 3 года мурун

Айтылуу бизнесмен, “Токмоктук граф”, миллиардер Алижан Ибрагимов Казакстанда ооруп, Бельгияга барып дарылануу убагында каза тапты.

“Токмоктук граф” Алижан Ибрагимов 67 жаш курагында кайтыш болгонун анын жакын адамдарына таянып, кыргыз-казак ЖМКларда жазылды.

Ибрагимов Казакстандын бизнесмендеринин алдыңкы беш тизмесине киргендерден эле. Forbes.kz маалыматы боюнча, Алижан Ибрагимовдун байлыгы 900 миллион долларга бааланган.

Алижан Ибрагимов “Евразия банкы” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Eurasian Natural Resources Corporation PLS (ENRC), Eurasian Resources Group (ERG) ( 2001-ж) ээсинин бири, “Казхром” трансулуттук компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы, “Евразия финансы компаниясынын” директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Ибрагимов Кыргызстандын Токмок шаарында өсүп-жетилген адам катары токмоктуктарга материалдык жардам берип келгендиги айтылчу.

Алижан Ибрагимов Бельгияда каза тапты, анын сөөгү Кыргызстанга, Токмок шаарына коюлары айтылды.

Алижан Ибрагимов Өзбекстандын Фергана облусунун Маргелан шаарында туулган. Жубайы Мукадас Ибрагимова жана уулдары Достан, Даврон, Шухрат, Фурхат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты