​Сооронбай Жээнбеков кичи ажылыкка кетти

  • 3 года мурун

Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык “Манас” аэропортунан Стамбулга учуп кетти.

Экс-президенттин мурдагы маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Түркия аркылуу Сауд Аравиясынын Жидда шаарына, кичи ажылыкка, умрага жөнөп кетти. Ал он күндүн кийин кайра кайтып келет.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

2017-жылдан бери президент болуп келаткан Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан 5-6-октябрдагы башаламандыктарда Ала-Тоо аянтында жарадар болгон 80ден ашуун адам экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты