Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарга кол койду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, алгачкы беш жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ошондой эле бир катар жарлыктар иштеп чыгуу стадиясында тургандыгы, аларга жакынкы күндөрдө кол коеру да белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты