​Казак өкмөтү латын графикасына негизделген казак арибинин жаңы үлгүсүн сунуштады

  • 3 года мурун

Казакстан өкмөтү 28-январда казак арибин латын графикасына которуу боюнча улуттук комиссиянын отурумун өткөрүп, латын алфавитинин жаңы үлгүсүн сунуштады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жаңы ариб 40тан ашуун нусканын ичинен тандалды. Жакшыртылган алфавитте 31 символ бар.

Жаңы арипте казак тилинин 28 тыбышы толугу менен камтылган. Азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) казак тамгалары диакритикалык символдор менен белгиленет. Казак өкмөтүнүн сайтында алфавит “бир тыбыш – бир тамга” принцибине толук шайкеш келери айтылган.

Казакстан жаңы арипке акырындык менен 2023-жылдан 2031-жылга чейин өтүүнү пландап жатат.

Өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылы казак арибин латынчага өткөрүүнү тапшырган. Бул өкмөт сунуштаган төртүнчү нуска болуп эсептелет. Мурдагы үч вариант коомчулуктун кеңири сынына кабылган.

Батыш басылмалары Казакстанда латын алфавитин киргизүүнү “Орусиянын таасиринен арылуу” катары баалашат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты