Өзбекстанда жарылуу болгон ЖЭБдеги цехтин дагы бир башчысы өз жанын кыйды

  • 3 года мурун

Өзбекстанда ЖаңыАнгрен жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) үч кишинин өмүрүн алган жарылуудан кийин цехтин дагы бир жетекчиси өз жанын кыйды.

Маркум Сирожиддин Шодиевдин жакындары ал станция жетекчилигинин басымынан улам өз өмүрүнө кол салганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, ЖЭБдин башчысы Шодиевди 20-январда болгон кырсык үчүн жоопкерчиликти алууга мажбурлаган.

Станциянын жумушчулары да маркумдун жакындарын колдоп, ЖЭБде жумушчулардын коопсуздугу камсыздалбаганын, жабдуулардын көбү эскирип, капиталдык оңдоого муктаж экенин билдиришүүдө.

Өткөн жумада ЖЭБдин жарылуу болгон цехинин башчысы өз үйүндө асынып алган. Ал өлөрүнөн бир күн мурун суракка чакырылганы кабарланган.

20-январда Жаңы-Ангрен ЖЭБинин 5-энергоблогунда профилактикалык иштер жүрүп жаткан маалда жарылуу болуп, үч жумушчу көз жумуп, дагы үч киши жаракат алган. Компания кырсыкка жумушчулардын коопсуздук эрежелерин сактабаганы себеп болгонун билдирген. Ангрен шаардык прокуратурасы «Адам өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул акыркы бир жылдын ичинде Жаңы-Ангрен ЖЭБинде катталган экинчи кырсык болду. Былтыр январдын аягында станциянын №3 жана №4 энергоблокторунун чатыры күйүп кеткен. Анда эч ким жаракат алган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты