ИИМ: Бачабаздык окуясы Алтайда болгондугу тастыкталды
- 4 года мурун
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги кыргызстандык сегменттеги таралган видеодогу бачабаздык Алтай республикасынын Кош-Агач айлында болгондугун расмий тактады.
26-январда Алтайдан келген расмий маалыматка караганда, вотсап жана Фейсбук тармактарында тараган видеодогу бачабаздык окуясы 2019-жылы август айында Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында болгон.
Ал окуя боюнча 2020-жылы 29-июлда Алтай Республикасынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Р. аттуу өспүрүм К. аттуу өспүрүм баланы зордуктап, бачабаздык жасаган. Бул иш 2020-жылдын 31-декабрында Кош-Агач райондук сотуна жиберилгендиги маалымдалган.
Муну бөлүшүү