​Бишкекте жолкирени кымбаттатуу аракеттерине каршы акция өттү

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын алдында маршруттук таксинин жол акысынын жогорулатуу аркеттерине каршы акция уюштурулду.

Каршылык акциясынын катышуучулары мэрия жана мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев карапайым жарандардын пикирин эске албай жатканын, иш таштоого барган маршруттук таксинин айдоочуларынын жетегинде калганын билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясы 22-январда маршруттук таксилерди тейлеген жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, акырындык менен жол кире акысын көтөрүү маселесин талкуулашкан. Маалыматка караганда, жеке фирмалар тарифти 19-20 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук такси акысын 15 сомго, автобус жана троллейбустардын тарифин 10 сомго көбөйтүүнү сунуштаган. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары 8 сомдон төлөйт делген.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты