Мэрия: Маршруттук таксилер жол кирени 20 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылууда

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы 22-январда маршруттук таксилерди тейлеген жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, акырындык менен жол кире акысын көтөрүү маселесин талкуулашты.

Маалыматка караганда, жеке фирмалар тарифти 19-20 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук такси акысын 15 сомго, автобус жана троллейбустардын тарифин 10 сомго көбөйтүүнү сунуштаган. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары 8 сомдон төлөйт.

Бул арада шаардык транспорт системасын реформалоо үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүгө тапшырма берилди.

Өткөн аптада Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Эгерде ал талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты