Түптө ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылды

  • 3 года мурун

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда, Түп районунун Балбай айылында, ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылды.

Бул тууралуу Түп ИИБ ЖМКга билдирди.

Караколдон Бишкекти карай келе жаткан Lexus-570 машинасы жолдон чыгып кеткен.

Жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат болжол менен 7 де болгон. Ичинде ырчы, анын эки кызы жана айдоочу курбусу болгон.

Маалыматта жол кырсыгынан Анжеликанын 6 жашар кызынын эки буту сынганы, экинчи кызы жана Анжелика жеңил жаракат алганы айтылат.

Түп райондук ооруканасынан алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин, жабыркагандарды Бишкек шаарына которушкан.

Инстаграмм баракчасында Анжелика баары жайында экенин айтып, дарыгерлерге ыраазылыгын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты