​Орусияда Навальныйды колдоо митингдери өттү (ВИДЕО)

Бүгүн, 23-январда, Россиянын бир катар шаарларында, алгач Хабаровск, Владивосток, Якутск, Комсомольск на Амуре, Новосибирск, ошондой эле Москва, Санкт-Петербургда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен митинг өттү.

Митингге чыккандарды полиция кармап кеткени кабарланууда.ОВД Инфо маалыматы боюнча, саат 13:30га карата митингге чыккан 369 киши кармалган.

.44 жаштагы Алексей Навальный — орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Жакында ал Ленжикте Путинге мыйзамсыз каражат сарпталып, аксарай курулган» деген тасма жарыялаган.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.

Алексей Навальный 17-январда Германиядан кайтып келип, “Матросская тишина” абагына 30 күнгө камалган.

Алексей Навальный жекшемби күнү Германиядан учуп келээри менен Шереметьево аэропортунда кармалган. Кечээ анын бөгөт чарасын караган сот отуруму Химки шаардык ички иштер башкармалыгында өтүп, 15-февралга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган. Саясатчынын «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча сот отуруму 2-февралга белгиленди.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган “Новичок” химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты