​Навальный «Матросская тишина» тергөө абагына киргизилди

  • 3 года мурун

30 суткага камакка алынган орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный «Матросская тишина» тергөө абагындагы үч кишилик камерага киргизилди.

Бул тууралуу саясатчы менен тергөө абагына барып жолугуп келген Москванын Коомдук байкоочу комиссиясынын катчысы Алексей Мельников билдирди.

Анын айтымында, Навальный чет өлкөдөн келгендиктен, 14 күн камерада карантинде жалгыз болот. Камерада муздаткыч, ысык суу жана телевизор бар. Мындан тышкары саясатчыга төшөнчү, идиш-аяк, самын өңдүү керектүү каражаттар да берилген.

Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Навальный колдоочуларына ыраазычылык билдирип, ага абактын кызматкерлери тарабынан эч кандай моралдык жана физикалык басым болбогонун айтканын кошумчалады.

Алексей Навальный жекшемби күнү Германиядан учуп келээри менен Шереметьево аэропортунда кармалган. Кечээ анын бөгөт чарасын караган сот отуруму Химки шаардык ички иштер башкармалыгында өтүп, 15-февралга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган. Саясатчынын «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча сот отуруму 2-февралга белгиленди.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган “Новичок” химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты