​Өзбекстанда ЖЭБдин жарылуусунан үч киши каза болду

  • 3 года мурун

20-январда түштө Ташкент облусундагы ЖаңыАнгрен жылуулук электростанциясынын профилактикалык иштер үчүн токтотулган 5-энергоблогунда жарылуу болду.

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, окуядан үч киши өлүп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Алар 5-энергоблокто профилактикалык иштерди аткарып жаткан кызмат көрсөтүүчү ишкананын жумушчулары болгон.

ӨКМ өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн министрликтин атайын күчтөрү жана каражаттары тартылганын билдирди. Жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Кырсык учурунда Жаңы Ангрен ЖЭБинин инфраструктурасы жана техникалык жабдуулары жабыркаган эмес.

Буга чейин «Озодлик» радиосу эки апта мурун Талимаржан жылуулук электростанциясынын эки буу казаны чукул түрдө ишин токтотконун, буга байланыштуу Кашкадарыя облусунун бир катар аймактары жана шаарлары жарыксыз калганын маалымдаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты